Нейтралдаштыруу
Нейтралдаштыруу (латын тилинен neuter - тигил да, бул да эмес) – к-талык жана негиздик касиетке ээ болгон заттар ортосунда жүрүүчү химимялык реакция. Мисалы,
НСl + NaOH = NaCl + Н2О + 13,75 ккал ;
НNO3 + КОН = КNО3 + Н2О + 13,77 ккал.
Күчтүү к-таны күчтүү негиз менен Н. пайда болгон суунун ар бир молунан 13,8 ккал жакын жылуулук бөлүнүп чыгат. Бул реакциянын иондук теңдемесин төмөндөгүдөй жазууга болот:
Н+ + Cl- + Na+ + ОН¡- = Na + + Cl- + Н2О Теңдемеден көрүнүп тургандай реакциянын жүрүшүндө Na+ жана Cl- иондору өзгөрбөйт. Ошондуктан, теңдемени эки жагынан өзгөрбөгөн иондорду алып таштап, төмөндөгүдөй жазууга болот: Н+ + ОН- = Н2 О Ар кандай күчтүү к-таларды ар кандай күчтүү негиз щелочтор менен нейтралдаштырганда суутек жана гидроксил иондорунан суунун мол-сы пайда болот, натыйжада баштапкы эки затка мүнөздүү болгон касиеттер (к-талык жана негиздик) жоюлат. Эритменин чөйрөсү нейтралдуу болот. Н. химимялык өндүрүштө жана калдыктарды иштетүүдө лаб-ялык практикада, айрыкча химимялык анализде колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6