Нейтрон радиография

Википедия дан

Нейтрон радиография - текшерилүүчү үлгүнү нейтрон менен нурлантып, ал үлгүнүн сүрөтүн фотосезгич элементке түшүрүу методу.

  • Нейтрон радиография ме­тоду түрдүү атом ядролор нейтрондорду түрдүүчө тартып алуу ыктымалдыгына негизделген. Эгер нейтрон менен нурлантылган үлгүнү фотоплёнка менен беттештирсек, анда өңүнө чыгарылган сүрөттө каралыгы түрдүүчө участкалар пайда болот.
  • Өтө карарган жерлери нейтрондорду көбүрөөк жуткан (карман калган) ядролорго туура келет.
  • Нейтрон радиография негизинен металлдарда, куймаларда жана минералдарда кошундуларды аныктоо үчүн колдо­нулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.