Нематжан Нематов

Википедия дан

Нематов Нематжан- (14.03.1941 - 29.04.1996 ж.ж. Ош шаары)-актер, Кыргыз ССР ал артисти (1980) Эмгек жолун 1957 жылы Ош өзбек музыкалык драма театырынын сахнасында иштөөдөн баштаган. Аткарган башкы ролдору: Кочкарёв (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Дөөтбай (Ч. Айтматов, «Биринчи мугалим») жана башка киного да тартылган (Зуннахун, «Каныбек»). Режиссёр катары М. Мирзарахимовдун «Мени бала көрбөгүлө», А. Абдугафуровдун «Тапкыч Талмас», «Гипноз-2» жана башка спектаклдерди түзүүгө катышкан. Өзбекстанда өткөн кыргыз адабияты менен искуствосунун 10 күндүгүнүн (1969) катышуучусу. Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Өзбек ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

  • Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.