Неорационализм

Википедия дан

Неорационализм– 20-кылымдын 1-жарымында Францияда жана Швейцарияда пайда болгон илимдин методологиясындагы жана философиясындагы негизги агым.

Негизги өкүлдөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги өкүлдөрү – Башиар, Гонсет, Мейерсон. Айрым учурларда Неорационализмге Пиажени, Ж. Ульмону, англо-америкалык илимдин философиясы менен методологиясынын сын рационализминин, француздук структурализмдин өкүлдөрүн киргизишет.

Негизги уюму[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Неорационализмдин негизги уюму – «Рационалисттер союзу» 1930-жылы негизделип, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. Неорационализм учурдагы табият таануу илимдеринин практикасын, өзгөчө анын өнүгүшүндөгү дедуктивдүү илимдердин ролун изилдөө аркылуу жаңы илимий акыл-эсти, илимий духту түзүүнү өз милдетине айландырган. Неорационализм үчүн чыныгы рухий күч, аракеттеги акыл-эс болуп учурдагы физика жана анын фундаменталдуу ачылыштары эсептелишет.

Неорационализм окуулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Неорационализм окуулары боюнча физика канчалык деңгээлде метафизикалык жана иррационалисттик көмүскө сезимдерден арылса, ал ошончолук башка илимдердин, анын ичинде философиянын өнүгүшүнө көмөк бере алат. Неорационализм биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки илимий көз караш кризиске батып, скептикалык жана мистикалык пикирлер үстөмдүк кылып жаткан заманда калыптанган. Дал ушул заманда Неорационализм Агартуу доорунда калыптанган илимий билимдер менен бүгүнкү күндүн улануучулугун орнотууга, илимди прогрессивдүү социалдык күч катары даңазалоого, жаңы илимий рухтун адам турмушунун ар кандай чөйрөлөрүнө жайылтууга аракет кылган. Мындай милдеттердин актуалдуулугу бүгүнкү күнгө чейин курч бойдон сакталууда.

Билимдерди априордуу схеманын жардамы аркасында негиздөөгө аракет кылган классикалык рационализмден айырмаланып, Неорационализм туюунун тарыхый өзгөрүп туруучулугун эске алат жана тарыхый-илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө диалектикалык идеяларды колдонот.

Илимий туюунун позитивисттер тарабынан сунуш кылынган тар маанидеги эмпирикалык концепциясын четке кагуу менен Неорационализм акыл-эс менен тажрыйбанын субстанционалдуу мүнөздөгү традициалуу метафизикадан жана мистикадан сырткары жаңыча түрдөгү диалогун түзүүгө аракет кылат.

Неорационализм негизги жоболору төмөнкүлөр:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Неорационализм негизги жоболору төмөнкүлөр:

1) онтологиялык жобо: реалдуулуктун жалпы детерминациясы, башкача айтканда акыл мене туюлуп, баамдалып жаткан реалдуулук чегиндеги себептердин аракетин таанып билүү;

2) гносеологиялык жобо: «рационалаштырылган» реалдуулукту же «экинчи тартиптеги реалдуулукту» акыл менен таанып билүүнүн мүмкүнчүлүгү;

3) методологиялык жобо: кеңири мааниде түшүнүдүргөн эксперименттик методдун универсалдуу маани-маңызы;

4) тарыхый жобо: туюудагы прогрессти жана рационалдуу ойдун коомдун турмушу менен өнүгүшүндөгү эбегейсиз зор маанисин моюнга алуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]