Нерчинск келишими (1689)

Википедия дан

Нерчинск келишими (1689) – Россия өкмөтү менен манжурлардын Цин империясынын мамилесин аныктаган 1-келишим. 17-кылымда кытай элин бийлеп турган манжурлардын Амур боюндагы орус жерлерин басып алуу аракетинен чыккан кагылыштан (1680-жылдар) кийин 27-августта түзүлгөн. Ф. А. Головин баштаган орус элчилери менен Сонготу баштаган Цин өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү Нерчинск чебинде өткөн. Нерчинск келишими боюнча Россиянын өкүлдөрүнө Албаза воеводдугунун көп аймагын бошотууга аргасыз кылган жоболорду таңуулашкан. Көзөмөлгө алынуучу чектер да такталган эмес. Нерчинск келишими орус өкмөтүн канааттандырбаса да, эки империянын саясий жанасоода мамилесинин жакшыртылышына мүмкүндүк берген. Россиянын көп жылдык дипломатиялык аракети менен 19-кылымдын ортосунда Нерчинск келишиминин шарттары кайрадан Айгун келишиминде (1858) жана Пекин келишиминде (1860) каралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]