Нестеров, Анатолий Иннокентьевич
Көрүнүш
Нестеров, Анатолий Иннокентьевич (27 октябрь [8 ноябрь] 1895 — 10 февраль 1979) — сов. терапевт, акад. (1950) жана СССР МИАнын вице-президенти (1953—57), РСФСР- дин илимге эмг. сиң. ишмери (1946), Сов Эмг. Баатыры (1965).
- 1946-жылдан КПСС мүчөсү. Томск университетинин медицина факультетин бүтүргөн (1920).
- Нестеров Сочидеги клиникалык ил. из. институнун директору (1936—39), ошол эле мезгилде врачтарды өркүндөтүүчү Борб. институтта ревматология кафедрасынын башчысы.
- 1939—41-ж. Мамл. борб. курортология ин-тунда (Москва) директор жанa ил. жетекчи. Новосибирск мед. институтунун госпиталдык терапия клиникасынын проф. (1941—43), Мамл. физиотерапия институтунун директору (1944—50).
- 1947- жылдан 2-Москва мед. ин-тунун факультеттик терапия кафедрасынын башчысы, СССР МИАнын ревматизм ин-тунун директору (1958—70).
- Анын негизги ил. эмгектери кан айлануунун патологиясы, кызыл жүгүрүк жанa муун оорулары, курортология жана аскердик-талаа терапиясынын маселелерине арналган.
- Нестеров Бүткүл союздук терапевттер ил. коомунун председатели (1962-жылдан).
- Чет өлкөлүк 14 ил. коомдун ардактуу мүчөсү. Лениндик сыйл. лауреаты (1974).
- Эки Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.