Нефрология

Википедия дан

Неврология (байыркы грек тилинен νεφρός — «бөйрөк», и λόγος — «окуу») — медицинанын бөйрөктүн түзүлүшүн, функцияларын, анын ооруларынын пайда болуу себептерин, өөрчүү механизмдерин изилдөөчү бөлүгү.

Нефрология тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооруларды дарылоо, алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу медицинанын бөлүгү. Нефрология проблемаларын изилдөө клиницист, морфолог, физиолог, радиолог жана башка адистер менен бирдикте жүргүзүлөт. Ал урология жана трансплантациялык хирургия менен тыгыз байланышта. Нефрология 20-кылымдын 2-жарымында бир топ ийгиликтерге жетишкен. Гемодиализ, бөйрөктү алмаштыруу, диета менен дарылоо методдору бөйрөк ишинин начарлашында адам өмүрүн сактап калуунун бирден бир жолу болуп эсептелет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8