Нигилизм

Википедия дан

НИГИЛИЗМ (латынча nihil – эч нерсе) – коомдук турмуштун нормаларын, моралдык принциптерин, маданият мурастарын тануу, жерүү. Россияда И. С. Тургеневдин «Аталар жана балдар» романы (1862) жарык көргөндөн кийин нигилизм термини кеңири тарай баштаган. 19-кылымдын 60 –70-жылдарында Россиядагы реакциячыл демократтарды феодалдык, крепостнойлук укукка жана самодержавиелик түзүлүшкө каршы чыккандыгы үчүн солчул радикалдуу чөйрө жана консервативдүү багыттагы публицисттер «ниги-листтер» деп атап, аларга жалаа жабышкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.