Нигилист

Википедия дан

Нигилист И. С. Тургеневдин «Аталар жана балдар» (1862) романынын каарманы Базаровго карата колдонулган жана ушундан кийин Россияда кеңири таралган түшүнүк.

Нигилист - бул дворяндык маданияттын принциптерин жана салттарын танган, ХIХ к. 60-ж. разночиндик интеллигенциянын өкүлү. Ал мезгилде революциячыл демократияга каршы болгондор революцияны жактоочулардын бардыгын тең Нигилист деп атай башташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6