Никотин

Википедия дан

Никотин (француз nicotine, Францияга тамекини 1-жолу алып келген француз дипломат Ж. Никонун атынан) – тамекинин жалбырагы менен уругунда таанылган жана башка өсүмдүктөрдө кездешүүчү уу алкалоиддердин бири. Суу менен жакшы аралашуучу өзгөчө жыттуу, түссүз суюктук. Абада кычкылданып, күрөң түскө өтөт. Аз өлчөмдө болсо борбордук нерв системасын дүүлүктүрүп, дем алууну кыйындатып жана кан басымын жогорулатат, көбүрөөк өлчөмдөгүсү нерв системасын шал оорусуна дуушар кылат же өлүмгө алып келет. Узак убакыт тамеки тарткан адамдын организми өнөкөт ууланууга учурайт. Никотин ветеринарияда тери ооруларын дарылоодо, айыл чарба зыянкечтерине каршы күрөшүүдө инсектицид катары, ошондой эле никотин комитетасын жана анын амидин алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]