Никотин кислотасы

Википедия дан

Никотин кислотасы, ниацин, РР витамини — 3-пиридин- карбон кислотасы; сууда эрүүчү В тобундагы витамин; түссүз кристалл.

Ачыткы, буудайдын улпагы, боор жана бөйрөктө көп. Никотин кислотасынын амидини-котинамид НАД. НАДФ коферменттеринин составына кирет.

Никотин кислотасы көпчүлүк айбанаттардын ичегисинде триптофандан синтезделет. Никотин кислотасы организмде тамак сиңирүү жолдорунун эпителийди, эпидермисти нормалдуу абалда сактоого шарт түзүп, нерв системасынын функциясын жакшыртат. Киши күнүнө 20 мета, жакын Никотин кислотасы керектейт, анын жетишсиздиги пеллагра оорусуна алып келет. Никотин кислотасы жайында никотинди кычкылдандыруудан алынат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.