Нитраттоо

Википедия дан

Нитраттоо - аммоний туздарынын нитгэгка микробиол. жол м-н айлануу процесси.

Топуракта, сууда өтөт. Аны хемосинтездөөчү, нитраттоочу бактериялар пайда кылат. Эки стадиядан турат. Адегенде аммоний иону бактерия менен нитрит ионуна кычкылданып, андан кийин нитрит иону бактерия менен нитрат ионуна кычкылданат.

Нитраттоочу бактериялар аэробдор болгондуктан, топуракты туура иштетүү анын аба алмашуусун жогорулатып, Нитраттоону жакшыртат. Атмосферада азот кычкылы көбөйгөндө ал топуракка, сууга жаан аркылуу барат да, нитратталат. Бирок нитраттардын сууда артыкча көбөйүшү сууну ичүүгө жараксыз кылат. Сууда нитратты азайтуу үчүн Нитраттоону бөгөөчү хим. дары-дармек колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.