Ничке-Сай айыл аймагы

Википедия дан

Ничке-Сай айыл аймагыКыргызстандын Токтогул районундагы административдик-аймактык бирдик. Ничке-Сай, Чоргочу айылдарынан турат. Административдик борбору ― Ничке-Сай айылы.

Жалпы жеринен аянты 30,8 миң га, айдоо жери 920 га, анын 620 гасы сугат жер, 300 гасы кайрак жер.

Жалал-Абад облусунун административдик борбору — Жалал-Абад шаарынан 335 км, райондун административдик борбору ― Токтогул шаарынан 60 км түштүк-чыгыш тарапта, Ташкөмүр темир жол бекетинен 185 км.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1930-жылдары негизделген. Комсомол, Ничке, Жарташ, Кайынды, Кызылчарба колхоздору биригип, айыл кеңеши түзүлгөн.

Калк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы — 3100 (2004-жылы); негизинен дыйканчылык, мал чарбачылыгында эмгектенишет.

Инфратүзүм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки орто мектеп, мечит, айылдык врачтык амбулатория, фельдшер-акушердик пункт, 3 тегирмен, 2 май чыгаруучу цех, 3 устакана бар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5