Ништадт тынчтык келишими
Көрүнүш
Ништадт тынчтык келишими - Орусия менен Швеция ортосунда түзүлүп, Түндүк согушту (1700—21) аяктаган келишим.
Ал 1721-ж. 30-августта Ништадт шаарында (Финляндия) түзүлгөн. Ништадт тынчтык келишими боюнча Орусия Балтика деңизине чыгып, Эстляндия, Ингрия, Карелиянын бир бөлүгүн, Эзель, Даго жанa Мен а-дарын ээлеген; Орусия Швецияга Финляндиянын көп бөлүгүн кайтарган. Келишим боюнча эки өлкө соода байланышын кайра жандандырган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.