Новокузнецк

Википедия дан
Новокузнецк.

НовокузнецкРоссиядагы шаар. Кемеров облусунда. Томь дарыясынынбоюнда жайгашкан. Калкы 548,0 миң (2010). Кузнецк, Батыш-Сибирь металлургия комбинаттары, темир жана алюминий эритүүчү жана башка заводдору, машина куруу, металл эритүүчү, химиялык-фармацевтика, жеңил өнөр жай ишканалары, жеңил, тамакаш өндүрүш бирикмелери иштейт. Томь дарыясынын сол жээгине 1929-жылы Кузнецк металлургия комбинаты курулгандан баштап өнүгө баштаган. Новокузнецктин курамына Томь дарыясыныноң жээгиндеги Кузнецк ш. (1617-жылы абак катары негизделген, 1622-жылдан шаар) кошулган. Эки ЖОЖ, 2 театр, 4 музей (анын ичинен край таануу, искусство) бар. Шаардын аймагынан көмүр казып алынат. 1617-жылынегизделген. 1622-жылга чейин Кузнец острогу, 1922– 31-жылга чейин Кузнецк-Сибирский, 1931–32-жылы Кузнецк, 1932–61-жылы (Сталинск) аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]