Ногойбеков, Мухамеджан

Википедия дан

Ногойбеков Мухамеджан (туулган жана өлгөн жылдары белгисиз) — Кыргызстандагы алгачкы агартуучулардын бири. Улуту татар.
1876-ж. Казан шаарындагы медресени бүтүрүп, Татарстанда мугалим болуп иштеген.
1910-ж. Кыргызстанга келип, Каракол шаарындагы татар жаңы ыкма мектебинде, андан кийин орус-жергиликтүү мектебинде мугалим болуп иштеп, ондогон кыргыз балдарын окутуп-тарбиялап чыгарган.
1920-жылдары Ысык-Көл өрөөнүндө мугалим, райондук агартуу бөлүмүнүн инструктору, башчысы.
1930-жылдары Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатында инструктор.
1948—50-ж. Каракол шаарындагы педагогика техникумунда окутуучу болуп иштеген.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1941).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.