Нолан Бушнелл

Википедия дан
Нолан Бушнелл (2013).

Нолан Бушнель - 1943-жылы 5-февралда АКШнын Юта штатынын Клиарфилд шаарында төрөлгөн. Нолан эки жолу үй-бүлө күткөн. Эки жубайынан 7 баласы бар. Атактуу инноватор учурда 68 жашта. Катардагы эле үй-бүлөдө туулган инноватор кичинекейинде теңтуштарынан көп деле айырмаланган эмес.

Атасы таштан түрдүү нерселерди жасаган уста болуп, баласын эмгекти сүйүүгө үйрөткөн. Анын "көп иштесең, көп нерсеге жетесиң деген сөзү Ноланга катуу таасир берген. Бушнель эмгекти сүйүүнүн артынан техниканы мыкты өздөштүрүп, мектепте окуп жүргөндө радио жана сыналгыларды оңдоп акча таба баштаган.

Бир жолу колледждеги окуусу үчүн төлөй турган акчасын карта ойноп уттуруп жиберет. Анан акча табыш үчүн "Көңүл ачуучу лагуна" деген жерге ишке орношот. Ошондон баштап бош убакыт болду дегиче ошол оюндар жайгашкан сейил бакка шашчу болот. Убактысын оюндар менен өткөрүп жүрүп, колледжден кийин ЖОЖдун электроника факультетине өтүп, окуусун эң начар баалар менен аяктайт. Ага карабастан, кумарпоз Нолан дал ушул технолохиялар тармагында көрүнүктүү из калтыра алды.

Диплом алгандан кийин Калифорния штатындагы "Ампекс" фирмасына инженер болуп ишке кирет. Алгачкы ойлоп чыгарган оюну "Компьютер Спейс" деп аталат. Бирок аны инженерлерден башка жөнөкөй адам түшүнө алган эмес. Ошондо Нолан карапайым калкка түшүнүктүү "Понг" (стол теннисинин автоматтагы видео түрү) аттуу оюнун ойлоп таап, жумуштан чыгып, өз алдынча иш баштоого белсенет. Жаңы эмгегин "Бэйли Мидуэй" аттуу чоң компанияга сунуштайт.

Атари 130XE.

Тилеке каршы, ал күткөндөй жооп албайт. 1972-жылы Тет Дебни менен "Атари" компаниясын негиздейт. Алгач тажрыйба жана каражат жок болгондуктан, бир топ эле кыйналышкан. Өз күчүнө, акылына ишенген өнөктөштөр биргеликте бадык кыйынчылыктарды жеңишкен. Бушнель адамдарды ишендирүүчү сапатын көрсөтүп, бир банк менен сүйлөшүп, тийиштүү инвестиция тартууга жетишет. Ошентип, акчалай колдоо табылып, акырындык менен иши башталып, көп өтпөй бул жаңы оюндун миллиондогон күйөрманы пайда болот.

"Понг".

"Понг" видеоавтоматтык оюну салондордо гана орун албастан, ар бир америкалыктар үйүндө ойной ала турган деңгээлге жетет. Ал массалык түрдө калың элге биринчи жолу таралган жана бул тармакта революция жасап, жаңы видеооюндардын индустриясына негиз салган. Бул эмгеги менен ал адамдардын жашоосуна көрк кошуп, видеооюндардын "атасы" катары тарыхта жашап келет. Кийин Нолан "Пицца Тайм Фиате" ресторандарын каржылайт.

Ал жайлардын ичинде видеооюн салондору, жаш балдар көңүл ача турган жайлар, ошондой эле атайын пицца тарата турган жаныбарлардын образындагы каармандар болгон. Ноландын бул жаатта тапкан кирешеси "Атариден" тапкан 15 миллион долларынан да ашып түшкөн. Нолан эки жолу үй-бүлө күткөн. Эки жубайынан 7 баласы бар. Атактуу инноватор учурда 68 жашта. Ачылыштары үчүн көптөгөн наамдар менен сыйланган.

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз инфо.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Koom@super.kg.