Номинализм

Википедия дан

Номинализм (лат. nominalis – ысымга, аталышка тиешеси бар) – универсалийлердин онтологиялык статусун четке каккан жана аларды ой жүгүртүүнүн абстрактуу, субъективдүү формалары же аталыш катары гана караган философиялык позиция. Каалагандай терминдин денотаты (лат. denotatus – нерселерди аталыштар же белгилер менен белгилөө) жеке гана мүнөздө болушу мүмкүн номинализм жалпы түшүнүктөргө каршы чыгуу менен жеке, конкреттүү, сезим менен таанып билүүгө мүмкүн болгон нерселер гана чын жашайт деп ырастаган. Орто кылымдагы номинализмди реализмге каршы чыгуу менен Платондун жалпы түшүнүктөрдүн чындыгы тууралуу окуусуна каршы багытталган киниктер менен стоиктердин философиясын кайрадан жараткан. Номинализм түшүнүгү схоластиканын өнүгүшүнүн алгачкы этаптарында пайда болгон. Бул учурда Иоанн Росцеллин антикалык мезгилдеги Номинализм проблемасын көтөрүп чыгып, христиандык философиядагы мелүүн материализм менен эмпиризмге чыйыр салган. Ал 1092-жылы өз идеялары үчүн Суассон шаарында болуп өткөн чиркөө Соборунда соттолгон. Н-тик идеялардын нукура философиялык жана диний негиздери У. Оккам тарабынан сунуш кылынган. Акыр аягында Оккам негиздеген Номинализмдин багыты схоластикадагы өзөктүү позицияны ээлеп, 15-кылымда болуп көрбөгөндөй дүркүрөп өнүккөн. Номинализм эмпиризмдин негизи болуп саналат. Бүгүнкү күндөгү феномонология жана онтология Номинализмдин окуусун четке кагат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]