Нормалдуу потенциал

Википедия дан

Нормалдуу потенциал (стандарттык потенциал) — электроддук реакцияга катышкан заттардын стандарттык абалында электрод менен эритменин ортосундагы потенциалдын тең салмактуу айырмасын мүнөздөөчү физ.-хим. чоңдук.

  • Элек­трод менен эритменин ортосундагы потенциалдардын абс. маанилерин ченөө кыйын болгондуктан ар түрдүү электроддордун потенциалдарын өз ара сан жагынан мүнөздөө үчүн по­тенциалы нөлгө барабар болгон нор­малдуу суутек электроду алынат. Мына ушул суутек электродуна салыштырып алынган электроддор терс заряддуу жанa оң заряддуу болушат.
  • Бардык электроддук реакциялар ар дайым кычкылдануу жанa калыбына келүү реакцияларына негизделинет.


Колдонулган адабияттар =[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.