Нормалдуу толкундар

Википедия дан

Нормалдуу толкундар, өздүк толкундар — түз сызык боюнча таралышында талаанын туура кесилиш структурасын жанa поляризациясын сактоочу физ. кубулуштардын (электр-магнит, серпилгич ж. б.) гармоникалык толкундары.

Сигналды же электр-магнит энергиясын аралыкка берүүдө колдонулуучу толкун өткөргүч системадагы электрмагниттүү Нормалдуу толкундардын практикалык мааниси чоң, о. эле акустикалык толкун өткөргүчтө да маанилүү. Серпилгичтүү Нормалдуу толкундар айрым учурда катуу нерселердин серпилгичтик ж. б. параметрлерин аныктоодо жанa ультраүндүн кечигишин түзүүдө колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.