Норуз суусу

Википедия дан
Норуз, өзөн‎»‎ барагынан багытталды)
Норуз суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 34 км
бассейндин аянты 196 км²
Суу агымы
Аягы Чүй
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Норуз суусу, Норус – Чүйдүн сол куймасы. Узундугу 34 км (Чоң Чүй каналына кошулганга чейин), алабынын аянты 196 км², деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2700 м, эң бийик жери 4522 м. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы кууш колоттон Чолоктөр деген ат менен башталат. Ортоңку бөлүгүндө Кум-Бел аталып жазыраак өрөөн менен агат. Төмөнкү бөлүгү Норуз аталып, кууш босого аркылуу Чүй өрөөнүнө чыгат. Жылдык орточо чыгымы 1,20 м3/сек; эң көбү май – июнда, эң азы февралда байкалат. Сугатка кеңири пайдалангандыктан Чүйгө жетпейт. Боюнда Жерказар, Төмөнкү Норус, Кайырма жана башка кыштактар жайгашкан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]