Чолок-Төр мөңгүсү
Көрүнүш
Чолок-Төр мөңгүсү — Какшаал тоо тизмегинин түндүк капталындагы татаал – өрөөн тибиндеги мөңгү. Ак-Шыйрак суусунун оң куймасы Жангарттын алабында жайгашкан. Узундугу 10,7км, жалпы аянты 15,0 км2. Башы деңиз деңгээлинен 5319м, этеги 3640м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100м.
Ыңгайлуу орографиялык түзүлүш жерг. Климаттык шартка айкалышкандыктан мөңгүнүн режими бир калыпта. Мөңгүдөн Жангарттын оң куймасы Чолок-Төр суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги айрым шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- мөңгү(жеткиликсиз шилтеме)