Ак-Шыйрак суусу

Википедия дан
Ак-Шыйрак суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 98 км
бассейндин аянты 2 290 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Ак-Шыйрак суусу, Ак-Шыйрак өзөнү – Борбордук Теңир-Тоодогу суу. Сары-Жаздын оң куймасы. Жети-Өгүз районунун аймагында. Узундугу 98 км, алабынын аянты 2290 км2.

Борколдой кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү мөңгүлөрдөн (Чолок-капчыгай) башталып, Кайчы суусу кошулганда Ак-Шыйрак деп аталат.

Негизги куймалары: Бикиртик, Коёнду, Боз-Жалпак, Кайчы, Жаңгарт жана башка. Суу куралуу аянтынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3800 м. Чаты 2000 м бийикте.

Жайында кирип, күзүндө тартылат. Жылдык орточо чыгымы 13 м3/сек; эң көбү – 101 м3/сек эң азы – 0,78 м3/сек.

Алабында жалпы аянты 406,6 км2 келген 243 мөңгү бар. Боюнда Ак-Шыйрак кыштагы жайгашкан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2