Кайчы суусу
Көрүнүш
Кайчы суусу
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 34 км |
бассейндин аянты | 288 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Ысык-Көл облусу |
Район | Жети-Өгүз району |
Кайчы, суу – Жет-Өгүз районундагы суу, Ак-Шыйрактын оң куймасы. Узундугу 34 км, алабынын аянты 288 км2. Какшаал кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, түндүктү карай кууш капчыгай аркылуу агат. Сол тараптан негизги кура мы Айры-Төр куйгандан кийин өрөөнү жайылат. Нугунда босоголор көп. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3700 м. Ири 10 куймасы, алабында жалпы аянты 46,9 км2 келген 58 мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 1,1 м3/сек. Эң көбү августта, азы январда байкалат. Өрөөнү жайыт.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Кыргыздын кол өнөрчүлүгү"(жеткиликсиз шилтеме)