Нук эрозиясы

Википедия дан

Нук эрозиясыагын суулар менен кыян-селдердин таасиринен кокту-колоттордун, өзөн-сайлардын нуктарынын оюлуп, жемирилип, талкаланышы. Нук эрозиясы тоолуу аймактарда күчтүү жүрөт. Шар аккан суу, кыян-сел өтө зор күч мененжолунда кездешкен борпоң тектерди (кум, шагыл, сайташ жана башка) жемирип, оюп, өзү мененкошо агызып кетет. Натыйжада суунун нугу, таманы тереңдеп, капталдары тик өзөн келип чыгат. Кыргызстандын аймагында, тоолордо мындай кубулуштар көп байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]