Шагыл

Википедия дан
Шагыл.

Шагыл – өлчөмү 1–10 смге чейин болгон түрдүү тоотек сыныктарынан топтолгон борпоң чөкмө тоотеги. Агын суунун, толкун шарпылдагынын таасиринен тоотек сыныктарынын сүйрү же тоголок формада жумуруланып, жылмаланган майда (өлчөмү 10 ммден 100 ммге чейин) таштар – сайташтар (галька) деп аталат. Ал эми сынган ордунда калган же шиленип, бирок жылмаланбаган кырдуу тоотек сыныктары каптал шагылы же шагылташ (щебень) деп аталат. Көлөмү боюнча майда (1–2,5 см), орто (2,6–5 см), ири (5–10 см) шагыл болуп бөлүнөт.

Шагылдын тоо боорундагы, этегиндеги эң көп жана чоң таштарын чогулган жери корум деп аталат. Шагыл баалуу курулуш материалына кирет.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]