Нурова Саида Сулеймановна

Википедия дан

Нурова Саида Сулеймановна – (1939-ж. т., Казак Республикасынын Алматы обл., Чоң Аксуу айылы) – философия илимдеринин кандидаты (1969), социологиялык илимдердин доктору (1995), профессор. КМУну бүтүргөн (1961).

Ал эмгектеринде социологиялык изилдөөнүн конкреттүү материалында аз калктын (дунгандар, уйгурлар, цыгандар, сарткалмактар) арасындагы улут аралык мамилелер жана өзгөчөлүктөр, андан сырткары СССР жана Кыргызстанда тоталитардык системанын мезгилинде тил маселелери жана улут саясаты проблемасын окуп үйрөнүү маселелерин чечмелөөгө аракет жасаган. СССРдин Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги. Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1987). 90дон ашык илимий эмгектердин, анын ичинен 1 монографиянын, 2 окуу куралынын автору.

Негизги чыгармалары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Духовное в образе жизни”. Алматы. Каз ГУ, 1994;
  • “Социологическое исследование в библиотечном деле” Методологическая разработка Бишкек 2000;
  • “Актуальная задача эстетического воспитания”, Фр., 1989. ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8