Нык төө таман
Нык төө таман (лат. Acantholimon compactum, Korov) - Жаздыкча сымал жарым бадалча. Жаздыкчасы өтө нык, бийик, жарым шар сымал, диаметри 5-15 см. Жалбырагы көгүлтүр, жалпак, кыска ланцеттей, сызгычтай, катуу, узундугу - 0,5-1,5 (2,5) см, туурасы - 1-1,5 мм, жээктери кирпикче – бодуракай. Гүл сабы жалбырагынан бир топ ашык, узундугу – 15-20 см ге чейин жетет, жөнөкөй жыш жана кыска түктүү. Гүлдөрүнүн сейрек машакчалары 5-8 топ гүл машакка чогулган. Машагынын узундугу 15 мм, 2-3 гүлдүү. Машактын гүл жан жалбырагы бүтүндөй түктүү, сырткысы ичкисинен 1,5 эсе кыска. Чөйчөкчөсүнүн узундугу 10-12 мм, куйгуч сымал, тарамыштар арасы анча түктүү эмес. Желекчелери кызгылтым.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Уругу аркылуу көбөйөт. Июлң-август айларында гүлдөйт.
Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Түркстан жана Алай тоо кыркаларынын этектеринин тескейлериндеги Лейлек жана Шахимардан дарыяларынын аралыгы.
Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Шыбактуу, эфемер-шыбактуу, бадалдуу фитоценоздордогу майда кум-таштуу тоо этектеринде деңиз деңгээлинен 1000–2000 м бийиктиктерде кездешет.
Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Өтө чектелген.
Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Эрте жазда жана күз мезгилинде жайыттарды системасыз пайдалануунун натыйжасында, жерлерди мелиорациялоонун жана кайра өздөштүрүүнүн кесепетинен табигый өсүү ареалы кыскарып кеткен.
Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Маалыматтар жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде (1985) катталган.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жаратылыштагы болгон сан-өлчөмүн аныктап, түр жыш өскөн аймакта ботаникалык заказник уюштуруу зарыл.
Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
VU. Өтө сейрек кездешкен чукул эндем түр.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2