Мазмунга өтүү

Ньютондун механика мыйзамдары

Википедия — ачык энциклопедия

Ньютондун механика мыйзамдары ― классикалык механиканын негизги үч мыйзамы.

  • Биринчи мыйзам: «Эгер нерсеге сырттан баш­ка күч аракет этпесе, ал нерсе салыштырмалуу тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сактайт».
  • Экинчи мыйзам: «Нерсенин кыймыл саны ал нерсеге аракет кылган күчкө пропорциялаш өзгөрөт жана аракет кылган күчтүн багыты боюнча багытталат».
  • Үчүнчү мыйзам: «Аракет кылган күчкө чоңдугу жагынан ба­рабар жанa багыты карама-каршы күч аракет кылат, б. а. эки нерсенин бири бирине аракет кылган күчтөрү чоңдугу жагынан барабар жанa багы­ты боюнча карама-каршы болот».

Ньютондун механика мыйзамдары Г. Галилейдин, X. Гюйгенстин жана Ньютондун өзүнүн жан башкалардын жүргүзгөн байкоолору менен тажрыйбаларынын жана теориялык негиздөөлөрүнүн натыйжасында ачылды. Ньютондун механика закондору өтө кичине өлчөмдөгү объектилер (элементардык бөлүкчөлор) жана жарык ылдамдыгына жакын ылдамдык менен кыймылдагае нерселер үчүн аткарылбайт.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.