Нью-Гемпшир

Википедия дан
эркек

Нью-Гемпшир - эт-жумуртка багытындагы тоок породасы.

20-кылымдын башында АКШда (Нью-Хемпшир шт.) род-айланд тоогун тез жетилгичтиги, жумурткачылдыгы боюнча ылгоо менен чыгарылган. Чалгындары Кызыл, моюн жагы саргыч. Корозунун тирүү салм. 3,5—3,6, мекияны — 2,7—2,8 кг. Жылына 180—200 жумуртка тууйт. Жумурткасынын салм. 58—59 г. 20-кылымдын орто ченинде Нпдерланд, Франция, Швеция, СССРге алынып келинген.

Породада көбүнчө жумуртка багытындагы атайын линиялар түзүлүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.