Нюрнберг процесси

Википедия дан

Нюрнберг процессифашисттик Германиянын башкы согуш кылмышкерлер тобун соттоо. 1945-жылы 20-ноябрдан 1946-жылы 1-октябрга чейин Нюрнберг шаарында (Германия) СССР, АКШ, Улуу Британия жана Франция мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн [трибунал мүчөлөрү: СССРден И. Т. Никитченко, А. Ф. Волков; АКШдан Фрэнсис Биддл, Жон Ж. Паркер; Франциядан Анри де Вабр, Робер Фалько; Улуу Британиядан лордсот Жеффри Лоренс (төрагасы), Норманн Биркеттер] түзүлгөн эл аралык аскер трибуналы өткөн. Процесс бир мезгилде төрт тилде жүргүзүлгөн. Сотко фашисттик Германиянын жогорку аскер жана мамлекеттик ишмерлери тартылган. Процессте гитлерчилердин тынчтыкта жана адамзатка каршы жасаган кылмыштары ашкереленген. СССР (Р. А. Руденко), АКШ (Роберт Х. Жэксон), Улуу Британия (Х. Шоукросс) жана Франция (Ф. де Ментон, кийин Ш. де Риб) мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн негизги айыптоо комитети түзүлгөн. Сотко тартылгандардын баары (Г. Шахт, Ф. фон Папен, Г. Фричеден башкалары) айыптуу деп таанылып, 12 адам (рейхсмаршал Г. Геринг, тышкы иштер министри И. фон Риббентроп, генерал-фельдмаршал В. Кейтель, коопсуздук кызматтын башчысы Э. Кальтенбруннер, оккупацияланган чыгыш жерлеринин иштери боюнча министр А. Розенберг, Польшанын генерал-губернатору Г. Франк, Чехия менен Моравиянын империялык протектору В. Фрик, Штюрмердин басма кызматкери Ю. Штрейхер, жумуш күчтөрү мененкамсыз кылуучу Ф. Заукель, генерал-полковник А. Йодль, Голландия рейхскомиссары А. Зейс-Инкварт, Гитлердин жакын кеңешчиси, партиялык канцеляриянын жетекчиси М. Борман) өлүм жазасына (даргага асууга), 7 адам узак мөөнөткө же өмүр бою камакка алууга өкүм чыгарылган. Трибунал улутчул социалисттик партиясын (СС), мамлекеттик жашыруун полицияны (гестапо), коопсуздук кызматын (СД), нацисттик партиянын жетектөөчү курамын кылмыштуу уюмдар деп тааныган. Нюрнберг процесси – согуш кылмышкерлерин соттогон тарыхтагы биринчи эл аралык процесс.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]