Нётер теоремасы
Нётер теоремасы — физикалык тутумдун симметриялык касиеттери менен сакталуу мыйзамдарынын ортосундагы байланышты көрсөтүүчү физ. негизги теорема.
Бул теореманы 1918-жылы немис математиги Эмми Нётер аныктаган. Нетер теоремасынын жөнөкөй аныктамасы: эгер өзгөрмө чоңдуктарды өзгөртүп түзгөндө тутумдун физикалык касиети өзгөрбөсө, анда буга кандайдыр бир сакталуу мыйзамдар туура келет. Мисалы, Нётер теоремасына ылайык, энергиянын сакталуу мыйзамы убакыттын бирдейлигинин натыйжасы болот, б. а. тутумдун кыймыл мыйзамы убакытты эсептөөнү баштоонун тутумдун тандалып алынышына көз карандылыгын көрсөтөт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.