Нaуманндын күйкөсү

Википедия дан
Falco naumanni

Нaуманндын күйкөсү (Falco naumanni), (Fleischer, 1818):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүк-Батыш Африка Мароккодон чыгышты көздөй Туниске чейин, түштүктөн Бийик Атласка жана Тунистин орто бөлүгүнө чейин. Пиреней жарым аралынын түштүк бөлүгү жана Франциянын, түштүк Австриянын, Италиянын түштүк жарымынын жээктеринен чыгышты карай батыш Саянга, Танну-Олго, Хангайга, Хубей провинциясына чейин. Россия Федерациясынын европалык бөлүгүндө 49-параллелге чейин, Волганын өрөөнүндө 52-параллелге чейин, батыш Сибирде 55-параллелге, Красноярскка чейин. Түштүктөн Жер Ортолук деңиздин жээктерине, Кичи Азияга, ортонку Иран, Түндүк Афганистанга чейин. Хубей провинциясынын түндүк бөлүгүндө уялайт . Кыргыз Республикасында деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикке чейин, көпчүлүк учурда түштүк-батыш тарапта Фергана өрөөнүндө Арсланбаптын тегерегинде кездешет. Жайында Каркырада, Нарындын жайылмасында жана Ысыккөл ойдуңунда катталган .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарыялардын жайылмасында, тоолордун жантаймасында дарактуу жана бадалдуу жапыз жана орто тоо тилкесин артык көрөт. Маданий ландшафттарда да кездешет.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саны боюнча маалымат абдан аз. Ысыккөл ойдуңунун карагай токойлорунда Науманндын күйкөсүнүн саны 1 км2де 0,03 особду гана түзөт. 1992-жылдын 22-августунда эки жаш канаттуу Боом капчыгайында байкалган .

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уялоо биологиясы боюнча маалымат жок. 1992-жылдын 22-августунда жаңы учуп чыккан эки Науманндын күйкөсү ЛЭПтин зым өткөргүчтөрүндө отургандыгы байкалган . Чычкан сымал кемирүүчүлөр, кескелдириктер, ири курт-кумурскалар, айрыкча коңуздар менен азыктанат.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мыйзамсыз атуу, уяларын бузуу. Симпатрия аймактарында күйкө менен конкуренттүү карым-катнашта турушу мүмкүн.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишеничтүү маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коргоо боюнча атайын чаралар каралган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уялоо жерлерин кичи заказниктерди түзүү аркылуу коргоо жана мындай аймактарды иштетилүүчү жерлердин катарынан чыгаруу. Жергиликтүү жашоочулардын арасында бул түрдү аныктоо жана коргоо боюнча түшүндүрүү иш-аракеттерин жүргүзүү. Республикада уялоо жерлерин иликтөө, табылган уяларды картага түшүрүү, бул түрдүн санынын ар бир жылдык динамикасынын мониторингин жүргүзүү, тиричилик өзгөчөлүктөрүн изилдөө зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

V категория. Vulnerable, VU, C1. Кыргыз Республикасынын авифаунасында уруунун он түрүнүн бири. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]