Олокон тоо

Википедия дан
ОЛОКОНТОО‎»‎ барагынан багытталды)

Олокон тооАлай кырка тоосунун түн.тармагы.

Талдык, Акбуура сууларынын аралыгында кеңдик багытында 34 кмге созулуп жатат. Туурасы 10 км. Орт. Бийикт. 4000–4200 м, эң бийик жери 4629 м. Тоонун кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү, түн. капталдары тик, түштүгү узун, кокту-колоттуу. Силурдун аягында пайда болгон сланец, кумдук, катмарланган кремний ж-а диабаз; девон м-н карбондун кремнийлүү сланец, филлит, акиташ тектеринен турат. Түн. капталына талаа (1900–2100 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (арча, бадалдар; 2100–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы (3000–3300 м), түш. капталына шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (2700–2900 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы, сейрек бетегелүү талаа (2900–3200 м), нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2