Талдык суусу

Википедия дан

Талдык суусуАлай кырка тоосунун түндүк капталындагы Ак-Төр тоосунун түндүк капталынан башталган суу. Кара-Дарыяга жетпей (Лянгар кыштагы тушта) сугат системасына бөлүнүп кетет. узундугу 69 км, суу куроо аянты 346 км2. Төмөнкү агымынын нугу кенен. Үч сол куймасынын эң ириси – Талдык-Суу (узундугу 22 км). Жылдык орточо чыгымы 1,28 м3/сек, эң көбү (май айында) 9,6 м3/сек, азы (февралда) 0,20 м3/сек. Апрелде кирип, августта тартыла баштайт. Кар, булак жана жамгыр сууларынан куралат. Өрөөнүндө Мады, Баш-Булак, Лянгар, Ак-Жар, Катта-Талдык ж. б. кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]