Оазис

Википедия дан

Оазис (гр. oasis – алгачкы мааниси Ливия чөлүндөгү калк отурукташкан бир нече жайдын аталышы) –

1) чөл жана жарым чөлдөрдөгү өсүмдүк (дарак, бадал, чөп) өскөн жерлер; агын суунун жакындыгына же жер астындагы суунун булак болуп чыгышына байланыштуу нымдуу келет. Оазистерде калк жыш отурукташып, азык болуучу жана техникалык өсүмдүктөр (айрыкча пахта) өстүрүлөт;

2) Антарктидада мөңгүдөн же муздан бош жайдак жерлер. Терминди 1938-ж. канадалык уюл изилдөөчү В. А. Стефансон сунуштаган. Физикалык-географиялык өзгөчөлүктөрүнө карай жапыз тоолуу-адырлуу, тоо аралык жана тоолуу антарктикалык оазисге бөлүнөт. Курчап турган аймактарга караганда оазистерде жылдык орточо температура 1–2°Ска (жайында 5–6°Ска) жогору болуп, таштуу беттерде кээде 30°Ска чейин жетет. Жылдык жаан-чачыны 200–300 мм; көбүнчө кар түрүндө жаайт. Өсүмдүккө жарды; мамык чөп, эңилчек, балыр (көлмөлөрдө) өсөт. Жаныбарлардан чымын-чиркейлер, каракчы куштар, айрым оазистерде Адели пингвиндери мекендейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]