Обозов Алайбек Жумабекович

Википедия дан

Обозов Алайбек Жумабекович (28. 5. 1954-ж. туулган, Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы) – техника илимдеринин доктору (2003). ФПИни (1977) бүтүргөн. КР УИАнын Автоматика институтунда лаборант (1975–77), инженер (1977–79), кенже (1979–81) жана улук (1981–83) илимий кызматкер, лаборатория башчысы (1992–98). Өкмөткө караштуу иш долбоорунун генералдык директору (1998–2003), ошондой эле мезгилде Калыбына келүүчү энергия булактарын колдонуу проблемалары (маселелери) боюнча борбордун генералдык директору (1998–2003), КТУда кафедра башчысы (2003–07), 2007-жылдан КТУнун алдындагы дистанциялык окутуу жана квалификацияны жогорулатуу борборунун директору. Калыбына келүүчү адаттагы эмес энергия булактары боюнча адис. 230дан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 6 монография, 14 патент жана ойлоп табуулардын ээси.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нетрадиционные источники энергии для малоэнергоемких объектов (в соавторстве). Ф., 1990;
  • К вопросу теоретического и практического обоснования коэффициента отбора мощности биколесной ветроустановки. СПб., 2001.
  • Возобновляемые источники энергии (в соавторстве). Б., 2010.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]