Обсидиан

Википедия дан
Обсидиан.

Обсидиан (лат. Obsidianus lapis – Обсидий ташы) – дээрлик бир тектүү жанар тоо айнегинен турган магмалык тоо тек. Ал тыгыз жана каралжын, күңүрт (күрөң, боз, кара) түстө болуп, сыныктарынын чет жакаларында жарык өткөрөт. Жаркылдоосу айнек сымал. Катуулугу 5–6. Химиялык курамы ар түрдүү; көбүнчө кычкылдуу тоо тектерге (липарит ж. б.) жакын, 0,5%ке жакын сууга ээ. Кычкыл липарит же липарит-дацит лавалары катыганда пайда болот. Айрымдары кооз таш катары пайдаланылат. Көбүнчө жеңил бетон жасоодо колдонулат. Обсидиан аракеттеги жанартоо облустарында (Италия, Мексика ж. б.) кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]