Огуз тилдери

Википедия дан

Огуз тилдериогуздардын тилдери (байыркы 5–8-кылымда жана соңку 10–11-кылымда). Азия, Түштүк жана Чыгыш Европа аймактарына тараган. Түрк тилдерине кирет. Азыркы түркмөн, азербайжан, түрк (осмон), гагауз тилдерине бөлүнүп кетип, өз алдынча тил болуудан калган. Огуз тилиндеги жазма эстеликтердин байыркысына орхон жазмалары, соңкусуна Махмуд Кашгаринин «Дивану лугатит-түрк» аттуу эмгеги кирет. Огуз тилинин (10–11-к.) фонетикалык, лексикалык, грамматикалык түзүлүшү кыпчак тилине жакын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]