Одри Тоту

Википедия дан

Одри Жүстин Тоту (англ. Audrey Tautou;французча айтылышы: [o.dʁɛ to.tu] (угуу) 1976-жылы 9-августта туулган) — франциялык актриса жана модель болуп эсептелет. 17 жашында агент менен кол коюп 18 жаш курагында телеберүүдө дебют кылган. Ага улай эле 1999-жылы "Чолпон сулуулук салону" (англ. Venus Beauty Institute) тасмасында алгачкы актердук дебютун жасап, киносынчылардын оң баасына татыган жана "Сезардын" "Көптү үмүттөндүргөн актриса" сыйлыгын жеңип алган. Андан кийин "Жеңил ойлуу" (фр. Le Libertin, 1990) жана "Кокустуктар" (англ. Happenstance, 2000) тасмаларында тартылган.

Тоту 2001-жылы жарык көргөн "Амели" (англ. Amelie) тасмасында башкы каармандын образын ачып берген. Ал киносынчылардын алкоосуна ээ болуп, кассалык жыйымдар боюнча ийгилик жаратуу менен эл аралык деңгээлде таанымал боло алган. "Амели" Европа кинотасма сыйлыгынын "Эң мыкты тасма" наамын уткан. Андан сырткары төрт "Сезар" сыйлыгын ("Эң мыкты тасма" жана "Эң мыкты режиссер"), эки "BAFTA" сыйлыгын ("Эң мыкты сценарий") жеңген жана "Оскар" сыйлыгынын беш наамына талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Андан бери Тоту ар түрдүү жанрдагы тасмаларда, анын ичинде "Кир жакшынакай нерселер" (англ. Dirty Pretty Things) жана "Да Винчинин коду" (Da Vinci Code) жана "Баа жеткис" (Priceless) кинофильмдеринде тартылган. Ал көптөгөн ролдору, анын ичинде "Узак убадалашуу" (англ. A Very Long Engagement) жана "Шанелге чейнки Коко" (фр. Coco avant Chanel, 2009) тасмаларындагы образдары үчүн киносынчылардын оң баасын алган. Ал "Башкы каармандын ролундагы эң мыкты актриса" номинациясы боюнча "Сезар" сыйлыгына үч жолу жана "Бафта" сыйлыгына эки жолу көрсөтүлгөн. Ал тарыхта 2004-жылдын июнь айында "Кинематография искусствосу жана илимдери академиясына" чакырылган сейрек гана француз актерлордун бири.

Тоту "Chanel", "Montblanc", "L'Oréal" жана башка көптөгөн компаниялар үчүн модель болуп берген. Ал бир нече кайрымдуулук иштерди колдоп келет.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]