Мазмунга өтүү

Озмитель Евгений Кузьмич

Википедия дан

ОЗМИТЕЛЬ ЕВГЕНИЙ КУЗЬМИЧ

(1926–1994)

Сынчы, адабиятчы Евгений Кузьмич Озмитель Алма-Ата шаарында 1926-жылы туулган.
1952-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, билим алуусун аспирантурада уланткан. 1957-жылы кандидаттык диссертация жактаган, 1972-жылы филология илимдеринин доктору болгон.
1955-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда окутуучу, орус жана чет өлкөлүк адабияттар кафедрасынын башчысы, орус адабиятынын теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору, 1981-жылдан Фрунзедеги орус тили жана адабияты педагогикалык институтунда (ПИРЯЛ) адабият теориясы кафедрасынын башчысы, илимий иштер боюнча ректордун жардамчысы (проректор) болуп иштеген.
Анын ырлары, очерктери аскердик гезиттерде жарыяланып турган. Сынчы-адабиятчы катарында 1952-жылдан баштап чыга баштаган. Бир катар монографиялардын, адабият таануу жана адабий-сын мүнөзүндөгү брошюралардын, илимий жана публицистикалык макалалардын автору, кыргыз мектептеринин 10-класстары үчүн орус совет адабияты боюнча окуу китебинин авторлошу.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1979-ж.).
1975-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
«Кызыл Жылдыз», “III даражадагы Даңк” ордендери, «Каармандыгы үчүн», «1941–1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «Эмгек ветераны» ж.б. медалдар менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Орус тилинде

Проблемы сатирической обработки образов в поэме Н.В.Гоголя “Мертвые души”: Сб. науч. раб. - Вып. 3.  Ф., 1954. -с. 7797.

Красный Дьявол: Из истории советской сатирической журналистики. -Ф.: КГУ, 1960.  93 с.

Классики советской сатиры.  Ф.: КГУ, 1962.  46 с.

Русская советская литература: Учебник XXI классов киргизской школы.  Ф., 1963.  331 с. ( в соавторстве с М.П.Рудовым)

Советская сатира. Семинарий. Пособие для студентов.  М.: Просвещение, 1964.  260 с.

Революционная сатира Октября.  Ф.: Мектеп, 1966.  267 с.

Литература горного края: Сборник статей.  Ф.: Кыргызстан, 1971.  136 с.

Теория революционной сатиры: Исторический очерк.  Ф.: Мектеп, 1971.  111 с.

О сатире и юморе: Пособие для учителей.  Л.: Просвещение, 1973.  192 с.

Киргизская литература и современный литературный процесс.  Ф.: Кыргызстан, 1975.  132 с.

Киргизская литература и общесоюзный литературный процесс.  Ф.: Кыргызстан, 1975.  148с.

Современность  источник поисков, новаторства, мастерства: Из опыта литературы наших дней.  Ф.: Кыргызстан, 1977.  214 с.

Взаимосвязи и взаимодействия художественных культур народов ССР и Киргизской литературы: Тезисы, докл. и сообщения респ. науч. конф.  Фрунзе, 20–22-сент. 1978.  Ф., 1978.

Наследие классики и киргизская литература.  Ф.: Кыргызстан, 1980.  256 с.

Жанрово-стилевое своеобразие многонациональной советской литературы.  Ф., 1980.

Обновленная суть национальной поэзии.  Ф.: Кыргызстан, 1984.  188 с.

Теория литературы: Пособие для студентов национальных педвузов. - Ф.: Мектеп, 1986.  172 с.

Введение в литературоведение: Программа для национальных педвузов. -Л.: Просвещение, 1987.  25 с.

Мир современника: Повесть. – Литературный Киргизстан. 1987. № 2.  с. 320.

Краткий учебный словарь литературоведческих понятий.  Ф.: 1986.  20 с.

Русская советская литература: Учебник для 11 класса киргизской школы.  Ф.: Мектеп, 1989. - 333 с.

Введение в литературоведение. Тесты для самостоятельной работы студентов.  Ф.: Мектеп, 1990. -45 с.

Зрелость национальной литературы. Достижения. Проблемы. Перспективы.  Ф.: Адабият, 1990.  237 с.

Человек и литература в меняющемся мире.  Бишкек, 1992.  302 с.