Ойгуч

Википедия дан

ОЙГУЧ – нерсенин бетин оюуда колдонулчу курал. Ойгуч таза болоттон жасалып, жыгач менен сапталып, темир ойгуч, жыгач ойгуч, жана тери ойгуч деп бөлүнөт. Темир ойгуч менен жумшак темирге, жезге, колого, алтынга, күмүшкө; жыгач ойгуч менен боз үйдүн жыгачтары, ээр ж.б.; тери ойгуч менен тери, шири жана булгаары буюмдарга оймо-чиймелер түшүрүлөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.