Оймок ооздуулар

Википедия дан
Petromyzon marinus.

Оймок ооздуулар (лат. Cyclostomata) — жаныбарлардын жааксыздар чоң классынын сууда жашоочу, жөнөкөй түзүлүштүү жалгыз классы. Силур мезгилинен белгилүү. Денеси жылан балыкка окшош, жылаңач териси былжыр бөлүп чыгаруучу бездерге бай. Кемирчек шакекче менен курчалган оозу соргуч куйгучка окшош (аталышы ошондон). Тили скелеттүү, мүйүз тиштүү. Баштык сымал бакалоорлору энтодермадан пайда болгон. Мээси бардык омурткалууларга мүнөздүү бөлүктөрдөн турат. Бөлүп чыгаруусу мезонефриялык бөйрөк түрүндө. Жыныс бездери жалгыз, чыгуучу түтүгү жок. Ургаачысы жумурткасын (уругун) сууга таштап, алар сууда уруктанып, өөрчүйт. Оймок ооздуулар 2 классчага же түркүмгө (миногарлар жана миксиндер) бөлүнөт. Алар – балыктардын эктомителери же жырткычтары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]