Океанография институту

Википедия дан

Океанография институту - мамлекеттик — СССРдин Гидрометео­рология кызматынын башкы башкармасынын океанография жана деңиз гидрологиялык эсентөөлөрү боюнча борбордук илимий изилдөө жана илимий-методикалык мекемеси.

1943-ж. Москвада уюшулган. Ленинград, Одесса, Севастополь шаарларында бөлүмдөрү, Бакуда лаборораториясы болгон. Институттун негизги максаты — океандардагы. деңиздердеги жана ири дарыялардын чаттарындагы физ. жана хим. процесстерди жана кубулуштарды ар тараптан изилдөө. Негизги маалыматтар институттун «Эмгектеринде» монографияларда, справочниктерде, атластарда басылып чыгат. Океаногра­фия жана деңиз гидрохимиясы боюнча эл аралык байланыш жүргүзөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.