Оксациллин
Көрүнүш
Оксациллин— антибиотиктер тобундагы дары-дармек.
Ал — чала синтезделген пенициллин; карындын кычкыл чөйрөсүндө бузулбайт. Оксациллин стафилококктордун пенициллинге туруктуу болуп калган түрү козгогон ооруларда (ангина, пневмония ж. б.) таблетка түрүндө берилет же эритмеси булчуңга ийне менен куюлат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.