Октавия Спенсер

Википедия дан

Октавия Ленора Спенсер (англ. Octavia Spencer;1972-жылы 25-майда туулган) — америкалык актриса жана жазуучу. Ал "Өлтүрө турган убак" (англ. A Time to Kill) тасмасы менен дебют кылган. Ал "Жардам" (англ. The Help) тарыхый тасмасында Минни Жэксондун ролун жаратуу менен 2011-жылы чоң ийгилик жараткан. Өз ролу үчүн ал "Оскардын", "Алтын глобустун", АКШ киноактерлор гилдиясынын, "БАФТАнын", Сынчылардын тандоосунун "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" сыйлыктарына татыктуу болгон. Ал Райан Куглердин "Фрутвейл станциясы" (англ. Fruitvale Station, 2013) драмасындагы жараткан образы үчүн киносынчылардын алкоосун алып, АКШнын улуттук киносынчылар кеңешинин "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамына татыган. Жакында эле Спенсер "Ордуңдан тур" (англ. Get on Up), "Ак же кара" (англ. Black or White), "Талкаланган" (англ. Smashed), "Кар тешкич" (англ. Snowpiercer), "Дивергент сериясы: Көтөрүлүшчүлөр" (англ. The Divergent Series: Insurgent) жана "Зоотопия" (англ. Zootopia) тасмаларындагы эмгектери үчүн мактоо алган. 2017-жылы ал "Жашырын сандар" (англ. Hidden Figures) драмасында математик Дороти Вогандын образын ачып бергени үчүн "Оскар", "Алтын глобус" жана АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыктарына көрсөтүлгөн.

Жазуучу катары Спенсер "Рэнди Родес ниндзя детективи" (англ. Randi Rhodes Ninja Detective) аттуу балдардын китептер сериясындагы эки эмгегин жарыкка чыгарган. Алар: "Убакыт капсуласы аттуу кескинин окуясы" (англ. The Case of the Time-Capsule Bandit, 2013) жана "Тарыхтагы эң таттуу уурулук (англ. The Sweetest Heist in History, 2015) китептери болуп саналат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]