Октябрдагы бүткүл орусиялык саясий иш таштоо

Википедия дан

Октябрдагы бүткүл орусиялык саясий иш таштоо - 1905-ж. окт. айындагы жалпы саясий кыр көрсөтүү;

  • Орусиядагы 190507- жылдагы революциясынын маанилүү этабынын бири. Ал 7-октябрда Москва - Ка­зан т. ж-ндагы жумушчулардын иш таштоосу менен башталып, 8-октябрда аны өлкөнүн көпчүлүк т. ж. жумушчулары колдогон.
  • 10-октябрдагы ОСДЖПнин Москвадагы жалпы шаардык конференциясы 11-октябрда жалпы иш таштоо жарыялоо чечимин кабыл алган. Аны Москва ж. б. шаарлардын жумушчулары колдогон.
  • Бүт өлкөгө жайылган бул иш таштоо «Жоголсун Булыгин думасы!», «Жоголсун падыша өкмөтү!», «Жашасын куралдуу көтөрүлүш!», «Жашасын демократиялык республика!» деген революциячыл ураан менен өткөн. Иш таштоого катышкан адамдардын саны 2 млндон ашкан. Ал бардык жерде массалык митинг жана демонстрациялар менен коштолуп, кээде полиция жана ас­кер менен кагылышууга чейин барган.
  • Иш таштоо падыша өкмөтүн Он жетинчи октябрь манифестин жарыя лоого мажбур кылган. Пролетариат кыска мөөнеткө болсо да. сөз. басма сөз, чогулуш эркиндигине жеткен. Ишканаларда 8 сааттык жумуш күнү киргизилген. Иш таштоо мезгилинде бир катар шаарда Жумушчу депутаттар советтери түзүлгөн.
  • 22-октябрда ОСДЖПнин Москвадагы жалпы шаардык конференциясы иш таштоону токтотуу чечимин кабыл алган. Өлкөнүн көпчүлүк ө. ж. борборлорунда иш таш­тоо 21—24-октябрда аяктаган. Иш таштоо эл аралык зор мааниге ээ болуп, бүтүн өлкөнун пролетарлары күрөштүн жаны формасы — массалык революциячыл иш таштоону жайылткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.