Октябрь, Кара-Кулжа району
Jump to navigation
Jump to search
Октябрь, Кара-Кулжа району – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кашка-Жол айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1220 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 13 км батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 78 км. Калкы 2236 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7