Октябрь балдардын чыгармачылык үйү

Википедия дан

Октябрь балдардын чыгармачылык үйү Сузак райондук Октябрь балдардын чыгармачылык үйү, окуучу балдарга бош убактыларын текке кетирбестен, ар кандай өнөр үйрөтүү менен, эмгекке, эмгекти сүйүүгө, кесипке туура багыт берүүгө, ата-энени, улууларды сыйлоого, коллектив менен ипггөөгө, таланттуу окуучуларды республикалык деңгелге чыгарууга чоң аракеттерди жасашат.

  • Октябрь балдардын чыгармачылык үйү, мурунку пионерлер үйү 1969-жылы Сузак райкомпартиясы, райондук билим берүү тарабынан негизделип 6 кружок менен иштей баштаган.
  • Пилиненко Василий Климович биринчи жетекчиси болуп иштеген.
  • 1991-жылы декабрь айында Сузак райондук администрация башчысы Г.Табалдиев, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турганбаев Токомбай тарабынан Октябрь балдардын чыгармачылык үйү деп аты өзгөрүлүп, 10 кружок менен өз ишин уланткан.
  • Азыркы учурда 12 кружок иштейт.
  • “Келечек” “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” уюмдары бар.
  • Октябрь балдар чыгармачылык үйү 5 айыл өкмөтүнүн мектептерине (Ленин, Багыш, Көк-Арт, Курманбек, Кара-Алма) методикалык борбору болуп эсептелет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3