Октябряттар

Википедия дан

Октябряттар - СССРде пионер дружинасына караштуу өз ыктыяры менен топко бириккен 7—9 жаштагы окуучулар.

Октябряттардын биринчи тобу 192324-ж. Москвада пионер отряддарында түзүлгөн. Ага 1917-ж. Окт. революциясы мезгилинде туулган балдар кабыл алынган (аты ошондон).

Октябряттар пионер дружинасына караштуу болуп, 1—3- класстын окуучуларын бириктирет. Октябряттар тобу жылдызчаларга (кызыл жылдыздын символу) бөлүнүп, ар жылдызча 5 баладан турат. Жыл сайын (16—22-апрелде) бүткүл союздук Октябряттар жумалыгы өткөрүлөт. Октябряттардын салтанаттуу майрамы — Окт. күндөрүндө өткөрүлүүчү Кызыл Жылдызча майрамы. Анда окуучулар Октябряттар катарына өтүп жылдызча алышат. Октябряттар ишин комсомол жана пионер уюму жетектейт. Алдыңкы комсомолдор жана пионерлер Октябряттардык пионерге өтүүго даярдайт, жакшы окууга, коллективдүүлүккө үйрөтөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.